Аскер бөлүктөрүнүн бириндеги курулушта мамлекетке 1 млн сомдон ашуун зыян келтирилген. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдирди.
Аскер прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Коргоо министрлигинин жана “Аскер курулуш” мамлекеттик ишканасынын кызмат адамдары аскер бөлүктөрүнүн биринин тосмосунун курулушунда аткарылган иштердин актыларына жасалган жумуштардын көлөмүн жана колдонулган материалдардын түрлөрүн атайылап көбөйтүү жана бурмалоо жолу менен каражатты кымырып алган фактысы аныкталды.
Натыйжада мамлекетке 1 млн сомдон ашуун өлчөмдө материалдык зыян келтирилген. Бул факты боюнча Аскер прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза Кодексинин "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу", Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу" жана "Кызматтык жасалмачылык" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.