2022-жылы дыйкандарга 2 млрд 549 млн сомго 869 техника лизингге берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Бүгүнкү күнгө карата бардыгы болуп 8 млрд 852 млн сомго 4 миң 645 даана техника лизинг аркылуу дыйкандарга берилген. “Айыл Банк” аркылуу айылдык товар өндүрүүчүлөргө лизингке дан эгиндерин оруп жыйноочу комбайндарды, ар түрдүү үлгүдөгү тракторлорду жана башка айыл чарба шаймандарын жеңилдетилген шарттарда жылдык үстөгү 6-9% менен 7 жылдан 10 жылга чейин лизингке берилүүдө.
Жогорудагы долбоорлордун бардыгына “Айыл Банк” оператор болуп дайындалган жана лизинг долбоорлору министрликтин көзөмөлү аркылуу ишке ашырылып жатат.