Жаңылыктар
Теңгиз Бөлтүрүк дагы эки айга камакта калды
Кыргызстан жаңылыктары
Теңгиз Бөлтүрүк дагы эки айга камакта калды

“Кумтөр” Жабык акционердик коомунун мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк 2023-жылдын 10-январына чейин камакта калтырылды. 

Мындай чечим Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда кабыл алынды. Мындан мурда райондук сот Теңгиз Бөлтүрүктү 10-ноябрга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган. 

Эскерте кетсек, Бөлтүрүк “Кумтөр” ишканасындагы коррупциялык фактылар боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.