Жаңылыктар
УКМК: Эл аралык издөөдөгү экстремисттик уюмдун мүчөсү кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК: Эл аралык издөөдөгү экстремисттик уюмдун мүчөсү кармалды

Мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн экстремисттик уюмдун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди. 

Коопсуздук кызматы өнөктөш атайын кызматтар менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жыйынтыгында, облустук лидерлердин бири «Хизб-ут-Тахрир» экстремисттик уюмунун активдүү ишмери, чет элдик жаран Ош шаарынан кармалды.

Ал Европа өлкөлөрүндө жашаган “Хизб-ут-Тахрир” маалымат каражаттарынын кызматкерлери менен байланыш түзүп, уюмдун жактоочуларын дистанттык түрдө жалдоо жана окутуу менен активдүү алектенип, Фергана өрөөнүндөгү экстремисттик ишмердүүлүгүн координациялап, Кыргызстандын аймагында коңшу мамлекеттин укук коргоо органдарынан жашырынып жүргөн.

Кармалган жаран УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Анын өлкө аймагында башка кылмыштарга катыштыгы текшерилгенден кийин, белгиленген тартипте өлкөсүнө экстрадицияланат.