Жаңылыктар
КР Куралдуу күчтөрүнүн Аскер институтунда тарых жана аскердик даңк залы ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
КР Куралдуу күчтөрүнүн Аскер институтунда тарых жана аскердик даңк залы ачылды

Советтер Союзунун Баатыры Калыйнур Үсөнбеков атындагы Аскер институтунда окуу жайдын 82 жылдыгына карата тарых жана аскердик даңк залы ачылды. 

Иш-чарага коргоо министри Бактыбек Бекболотов жана анын орун басарлары, УКМКнын Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев, министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү, Үсөнбековдун жакындары, аскер институтунун өздүк курамы катышты. 

Соңунда кызматынан жана күжүрмөн даярдыкта жогорку денгээлди көрсөткөн аскер кызматкерлери Коргоо министринин жана Аскер институтунун башчысынын атынан сыйланышты.