Жаңылыктар
Стамбулдагы жарылууда каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок
Кыргызстан жаңылыктары
Стамбулдагы жарылууда каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок

Стамбулдагы жарылууда каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

13-ноябрда Стамбулдун Бейоглу районунун Истикляль көчөсүндө жарылуу болгон. Андан 6 адам каза болуп, дагы 50дөн ашык киши жаракат алган. 

Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу каза болгон жана жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок экенин айткан. Башкы консулдук Түркия бийлиги менен байланышта болууда. Түрк укук коргоо органдары каза болгондор жана жабыркагандардын саны көп экендигин, иликтөө иштери уланып жатканын маалымдайт. 

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган аймактын губернаторунун маалыматына таянып террорчулуктун изи байкалып жатканын айтты. 

“Губернатор берген маалыматтарга караганда, террор катары каралууда. Бул жерде аялдын катыштыгынын белгиси байкалганын айтышты", — деген Эрдоган.