29 жаштагы Шержан Абдыкалык уулу Баткен облусунун Ак-Сай айылынан болот. Сентябрдагы кошуна өлкөнүн куралдуу кол салуусунда анын турак жайы толугу менен күйүп кеткен. 7 адамдан турган үй-бүлө мүчөлөрү учурда Баткен шаарында убактылуу баш калкалап жатат. Өткөн ишембиде жергиликтүү курултайда ал талапкерлигин коюп, дээрлик көпчүлүк добуш менен өткөн. Аксай айыл өкмөтүнөн шайланган дагы бир делегат экөө акылдашып, Биринчи элдик курултайда көтөрө турган 3 орчундуу маселени тандап алышкан. Анын бири чек ара сызыгын кайтарган аскерлердин санын көбөйтүү жана жергиликтүүлөрдөн түзүлгөн кошумча резервдегилерге жөлөк пул төлөп берүү. Мындан тышкары, чек арага жакын жайгашкандардын мал-мүлкүн мамлекет тарабынан камсыздандыруу сунушу.