Жаңылыктар
Ысык-Көлдө 3 метрлик балбал табылды
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Көлдө 3 метрлик балбал табылды

Түп районунун Ак-Булуң айылында табылган бал-бал таш айкели болжол менен сегизинчи кылымга таандык. Мындай пикирди көпчүлүк тарыхчылар белгилешүүдө. 

Алардын айтымында бул тарыхий табылга ошол учурдагы жашаган элдин тарыхы боюнча маалымат бериши мүмкүн. Бирок бул багытта толук изилдөө иштери жүргүзүлүшү зарыл. 

Кооз жана ошол эле учурда сырдуу жасалган таш айкелдин узуну үч метр, беш сантиметрди түзөт.