Сатылган дары-дармектердин баары бирдиктүү базада көзөмөлдөнөт. Бул багытта жаңы мыйзам долбоору даярдалып талкууга коюлду.
Эгерде парламенттен колдоо тапса, өлкө аймагына кирип сатылган дарылардын акыркы колдонуучуга жеткенге чейинки маалыматы электрондук базада сакталат.
Долбоорду Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов жана Сааламаттык сактоо министри баш болгон медицина тармагындагы адистер талкуулап, учурдагы кемчиликтерди жоюу сунуштарын билдирди.
Өлкөдө 100дөн ашык уруксат кагазы бар ири фарм компаниялар Түркиядан, Казакстандан, Украинадан, Орусиядан, араб өлкөлөрүнөн жана Европадан түрдүү дарыларды ташыйт. Аларды 3 миңден ашык майда компаниялар дүңүнөн сатып алып кайра элге сатат.
Азыркы сатыктагы дарылардын 90% сырттан импорттолот. Дары ташыган жеке компаниялардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөөгө мыйзам жол бербегендиктен дары саясатына коомчулукта нааразылыктар көп.
Эми мыйзамга өзгөртүүлөр кирсе дарынын баасы көзөмөлдөнүп, анын жоопкерчилиги мамлекетке жүктөлөт.