Жаңылыктар
Токтогул ГЭСинде 4 агрегат тең иштейт. Өлкөдө электр жарыгын маал-маалы менен өчүрүү болбойт
Кыргызстан жаңылыктары
Токтогул ГЭСинде 4 агрегат тең иштейт.  Өлкөдө электр жарыгын маал-маалы менен өчүрүү болбойт

Улуттук энергохолдингдин жетекчисинин орун басары Шакиржан Саидов маалымат жыйында билдирди.

Маалыматка ылайык, быйыл экинчи жана төртүнчү агрегат оңдоп-түзөө иштеринен өткөрүлдү. Экинчи агрегаттын эртең ишке берилүүсү күтүлсө, төртүнчүсү ноябрь айынан соңунда ишке берилет. 

Оңдолгон ар бир агрегатка 60 мегаваттан кубаттуулук кошулган. Негизи Токтогул ГЭСинде н 4 агрегат иштейт. Буга чейин ар биринин кубаттуулугу 300 мегаваттан болуп, жалпы 1200 мегаватты түзчү. Ремонттон кийин жалпы агрегаттардын кубаттуулугу 1440 мегаватты түзмөкчү.

Белгилей кетчү жагдай, эртең Токтогул ГЭСинде ремонттон өткөн 2-агрегат ишке киргизилип жаткандыктан республика боюнча 1 саатка электр энергиясы өчүрүлөт . 

"Электр станциялары" ишканасы билдиргендей, агрегат 15-ноябра иштей баштамак, бирок анын убактысын эртелетип, 11-ноябрдан баштоого туура келди. “Жаңы гидромеханикалык жабдууларды сыноо учурунда электр энергиясы бир сааттан ашпаган убакытка өчүрүлөт", — деп билдиришти.