Чүй облусунун Сокулук жана Москва райондорунда көмүр саткандарга, эки күндүн ичинде көмүрдүн баасын төмөндөтүү тапшырмасы берилди. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти.
8-ноябрда ведомствонун төрагасы Кеңешбай Тайлаков аталган райондорго текшерүү жүргүзгөн.
"Сокулук районунда Кара-Кеченин тоннасы 4 миң 400 сомдон сатылууда. Сокулук жана Москва райондорунда Казакстандын Шабыркүлүн саткан сатуучуларга баасын төмөндөтүү керектиги эскертилди", - деп айтылат маалыматта.