Жаңылыктар
Түркиянын ички иштер министри "Ата-Бейит" тарыхый-мемориалдык комплексине барды
Кыргызстан жаңылыктары
Түркиянын ички иштер министри "Ата-Бейит" тарыхый-мемориалдык комплексине барды

Түркиянын Ички иштер министри Сулейман Сойлу жумуш сапарынын алкагында, Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө байланыштуу Бишкектин чет аймагындагы "Ата-Бейит" Улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барды. 

Иш-чарага Ички иштер министри Улан Ниязбеков жана ИИМдин башкармалык жетекчилери катышты. Алар 1916-жылдагы коогалаңда курман болгондорду эскерүү мемориалына, Саясий репрессиянын курмандыктарынын эстелик мемориалына, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун көрүстөнүнө жана 2010-жылдагы Апрель элдик революциясынын баатырларынын мемориалына гүл коюшту.