Өлкө аймагындагы туруксуз аба-ырайына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлүүдө.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, Бишкек - Ош унаа жолунун Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайында кар көчкү түшүүсү мүмкүн. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Андыктан, унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
"Унаада күрөк, дөңгөлөк чынжырчасын, ысык суу, жол азыгы жана дары-дармек кутучасын алууну унутпаңыздар. Кырсык катталган учурда же жардамга муктаж болсоңуз "112" кызматына чалыңыз", - деп айтылат маалыматта.