Жаңылыктар
"Манас" күнүнө карата Бишкекте манасчылардын республикалык кароо-сынагы өтөт
Кыргызстан жаңылыктары
"Манас" күнүнө карата Бишкекте манасчылардын республикалык кароо-сынагы өтөт

"Манас" күнүнө карата 26-ноябрда Бишкекте манасчылардын республикалык кароо-сынагы өтөт. Ага 30 жашка чейинки манасчылар катыша алат. 

Тандоо турунда катышуучулардын саны чектелбейт. Жарым финалга 12 манасчы жолдомо алат. Ал эми финала төртөө ат салышат. "Тандоо турунда эркин темада айтуусу шарт. Жарым финалда кезек кагазын кармоо менен 2-5 мүнөттүн тегерегинде багыт боюнча айтуусу керек. Финалдык баскычта калыстар тобу берген окуяны иретин бузбай улап айтуу зарыл. 

Эгер улай албайса эркин темага уруксат берилет, бирок упай жок. Сөзүнүн көркөмдүгүнө, окуянын ырааттуулугуна, музыкалдуулугуна, аткаруу чеберчилигине жараша баа берилет", - деп айтылат маалыматта. Сынактын жеңүүчүлөрүнө байгелүү орундар каралган. Сыйлоо аземи 4-декабрь күнү Т. Сатылганов атындагы филармонияда өтөт. Кеңири маалымат алуу үчүн 0708 98 54 09.