“Тарых жана ата-бабаларды эскерүү” күндөрү Ошто да белгиленүүдө. Ош шаарынын расмий бийлик өкүлдөрү, коомдук жана мамлекеттик ишмерлер “Өчпөс от” мемориалдык комплексине гүлчамбарларды коюп, ата-бабаларга багыштап куран окушту.
Митинг реквиемде кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыпташына, өсүп-өнүгүүсүнө салым кошкон ишмерлер Султан Ибраимов, Абдыкадыр Орозбеков, Исхак Раззаков, Исакбек Монуев, Апсамат Масалиевдин мекен үчүн жасаган эмгектери айтылып, даңазаланды.