Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков журналисттерди жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктады.
“Бүгүнкү күндө төртүнчү бийлик катарында саналган массалык маалымат каражаттары сот тутумунун ачык-айкындуулугун, адилеттүүлүгүн, айрыкча элдин сот бийлигине болгон ишенимин жогорулатууда таасириңер чоң экендигин тана албайбыз. Сот тутуму Кыргызстандын аймагында эмгектенген ар бир журналист, кабарчы, аналитик, блогерлерди, алардын коомубуздун, мамлекетибиздин өнүгүп-өсүшүнө кошуп жаткан салымын жогору баалайт. Мыйзам үстөмдүгү, адамдын эркиндиги жана укуктары жогору турган ар бир өлкөдө өнүгүү болот. Демек, сиздердин жардамыңыздар менен мамлекетибиз сөзсүз түрдө өнүгүү багытында келе жатат деп ишенем. Коомдун күзгүсү, жакшылыктар менен ийгиликтердин жана акыйкаттыктын жарчысы болууну уланта беришиңиздерге тилектешмин”,- деген.