Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүндө «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барды.
Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев, Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдилm Байсалов жана башкалар менен биргеликте 1916-жылдагы трагедиялуу окуялардын курмандыктары менен саясий репрессиянын курмандыктарына арналган эстелик мемориалына жана жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бейитине гүл коюшту.
Алардын элесине багышталып куран окулду.