Жаңылыктар
Быйыл кыргыз журналистикасынын түптөлгөнүнө 98 жыл болду
Кыргызстан жаңылыктары
Быйыл кыргыз журналистикасынын түптөлгөнүнө 98 жыл болду

Быйыл кыргыз журналистикасынын түптөлгөнүнө 98 жыл болду. ЖМК, полиграфия, радио жана телеберүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы 1924-жылы кыргыз тилиндеги улуттук "Эркин-Тоо" гезитинин биринчи номеринин чыгышынын урматына белгиленген. 

Өлкөдө китеп басып чыгаруу иштери да XX кылымдын 20-жылдарында башталган. 2021-жылы 685 миң нуска менен 800 китеп басылып чыккан болсо, анын 54 пайызы кыргыз тилинде. Улуттук статистикалык комитети бул жылдар аралыгында 72 миң нуска менен 29 журнал чыкканын, анын ичинен үчөө кыргыз тилинде экендигин айтты. 

Маалыматка ылайык, соңку беш жыл ичинде өлкөдө жалпыга маалымдоо каражаты катары катталган субъектилердин саны дээрлик 12 пайызга өстү. Жылдын башына карата Кыргызстанда жалпыга маалымдоо каражаты катары 1,8 миң субъект катталып, бул көрсөткүч акыркы беш жыл аралыгында 12 пайызга өскөн. Көз карандысыз 177 телерадиокомпания ишке киргизилген.