Узаган шаршемби жалпы Кыргызстанда маданият кызматкерлеринин күнү белгиленди. Экономикалык абалыбыздан улам бул тармактын өкүлдөрү, аркада калган көп жылдар бою көңүл сыртында болуп келди.
Бир кезде бүткүл союзду, аны кой дүйнөнү дүңгүрөткөн театр, кино, сүрөт чеберлери каралбай калган доорду да көрдүк.
Каралбай калган китепканалар канча? Бүгүнкү абалыбыздын көп нерсеси дал ушул маданияттан алыстан кеткенибизден десек да болот.
Айлыктын аздыгы, каражат менен колдоонун жоктугуна карабай таланты, өнөрү менен өлкөнү тааныткан маданият өкүлдөрүнө алкыш гана айтышыбыз керек.