Кечээ күнү жалпы республика боюнча жергиликтүү курултайлар өтүп, республикалык масштабдагы Элдик Курултайга бара турган делегеттар электен иргелип, тандалды.
Бул жума ичинде 25-ноябрда өтө турган Элдик жыйындын күн тартиби да бекиди.
Эми Элдик Курултайдын айланасында айтылып жаткан кептерге келсек. Курултай жалгыз эле биздин эмес жалпы көчмөн элдердин, жоокер элдердин тарыхында орчундуу чечим кабыл ала турган, мамлекеттин, улуттун, уруунун тагдырын талкуулаган, бүтүм чыгарып, бир тыянакты таап берчү коллегиялык түзүм. Ийри отуруп түз акылдашкан, кереге кеңеш аянтча. Мындайча айтканда бүгүнкү парламенттин тарыхый үлгүсү. Андай боло турган болсо бизге парламенттин эмне кереги бар же курултайдын эмне кереги бар дегендер жок эмес.
Бирок бүгүнкү реалдуулукта парламенттин элден алыс экендигин айгенелеген айрым учурлар бар. Мыйзам чыгаруучулар өкүлчүлүк функциясын аткарууда аксап, саясий же каржылык кызыкчылыктын деңгээлинен чыга албай калганын көрүп эле жүрөбүз да. Ушундан улам Элдик Курултай былтыр баш мыйзамга киргизилип, атайын макамы да аныкталган. Мындай талап кечээ же бүгүн чыга калган жери жок. Эгемендүүлүк алган мезгилден тарта эле тарыхый тамырыбызга кайтуу керек, курултай зарыл дегендер бар.
Азыркы Курултайды демилгелеп, уюштуруп жаткан адистердин айтымында алдыдагы жыйынды андай кылууга жол берилбейт. Анткени бул курултай биринчи жолу өлкө башчынын жарлыгы менен чакыртылды. Экинчиден делегеттарды эл өзү тандап жиберүүдө. Айтылып жүргөн “дежурлар” эмес, жаштар дагы келе жатканын билдиришти.