Өзбекстандын тышкы иштер министринин визити Президент Шавкат Мирзиеёвдин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик сапарын утурлай уюштурулду.
Эки өлкө бүгүн кызматташуунун бардык тармактарында ынак дипломатия орното алды. Ортодогу сооданын көлөмү былтыр дээрлик жарым миллиард долларга жакындаган. Өткөн жылы Президент Жапаровдун Ташкентке жасаган мамлекеттик визитинде бул сумманы 2 млрдга чейин жеткиребиз деген максат коюлган. Ага жетүүдө Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан биргелешкен темир жолунун курулушу негизги фактор болмокчу.
Чындыгында Кыргызстан жана Өзбекстан ортосунда достук, ынак коңшулук жана стратегиялык өнөктөштүк маанайында динамикалуу өнүгүп келе жаткан потенциал бар.
Ал эми ортодогу чек ара көйгөйүн биротоло тактап алуу бул потенциалга жаңы дем берери анык.