Жаңылыктар
Мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиев эскерилди
Кыргызстан жаңылыктары
Мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиев эскерилди

Ала-Арча мамлекттик көрүстөнүндө коомдук жана мамлекеттик ишмер, Кыргыз Республикасынын Баатыры Турдакун Усубалиев эскерилди. 

Анын 103 жылдыгына байланыштуу туугандары жана замандаштары чейрек кылым мамлекет башында туруп, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө өзгөчө салым кошконун эскеришти. 

Жакындарынын айтымында ал өз алдынча көп окуп, жаш чагында эле келечекте Мекенге кызмат кылуу аракетинде болгон.