Кыргызстандан айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн, анын ичинде буудай унун экспорттоого министрлер кабинети убактылуу тыюу салды.
Аталган чечим өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана товарларга рыноктук бааларды турукташтыруу максатында кабыл алынды.
Токтомго ылайык, Кыргызстандан айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары ташып чыгууга тыюу салынат.
1-ноябрдан тартып, 31-декабрга чейин Кыргызстан аймагынан тышкары ЕАЭБге мүчө эмес мамлекеттерге буудай унун ташып чыгууга чектөө киргизилет.
Буудай унуна карата экспорттук квоталардын көлөмдөрүн бажы жол-жобосуна ылайык, тышкы соода ишинин катышуучуларынын ортосунда бөлүштүрүүнүн эрежелери тиркемеге ылайык бекитилди.
Токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.