Жаңылыктар
Бишкек-Кара-Балта жолунун курулушу жакында аяктайт
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек-Кара-Балта жолунун курулушу жакында аяктайт

Кара-Балта шаарынан ордо калаага чейинки жолду реконструкциялоо 2017-жылы жаз айларында башталган. Ал ортодо долбоордо каралбаган маселелер чыгып, ошол жылы күзүндө бийлик алмашкан мезгилде да көп аракет көрүлүп бирок, бир жылда курулуп бүтөт деген божомолдор ишке ашкан эмес. 

Тескерисинче 2019-жылдары жол жээгинде жашаган тургундардын нараазычылыгынан улам, курулуш улам создугуп келген.Эки жылдан бери курулуш кайрадан жанданып, былтыр биринчи долбоорго кирген 45 чакырым жолдун курулушу бүткөрүлгөн болчу. 

Президент Садыр Жапаров быйыл февралда Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында Бишкек-Кара-Балта унаа жолун реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышып, жолду оңдоонун калган бөлүгүн быйыл бүтүрүүнү тапшырган.