Жаңылыктар
Ош шаарынан Элдик Курултайга 30 делегат шайланат
Кыргызстан жаңылыктары
Ош шаарынан Элдик Курултайга 30 делегат шайланат

Ош шаарында 17-октябрдан тартып чөлкөмдөрдө жергиликтүү курултай болгон. Бул сапар республикалык биринчи элдик курултайга делегаттарды шайлоо үчүн жергиликтүү курултай өттү. Ал үчүн Ош шаарынын жергиликтүү жамаатынын курултайын уюштуруу комитетинин курамы бекитилген. Курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча 11 кишиден турган комиссия түзүлгөн. Шаарда 7 муниципалдык аймактык башкармалык жана бир айыл өкмөт бар. 

Мамлекеттик маанидеги алгачкы иш чараны өткөрүүдө аймактын өзгөчөлүгү да эске алынган. 30 пайыздан кем эмес гендердик талап менен бирге этностук өзгөчөлүк каралган. Шаардагы 13 диаспоранын өкүлчүлүгүнө кат жөнөтүлгөн. Катышуучулар Улуттук курултай жөн эле чогулуш эмес, өнүгүүгө жол ачкан жыйын болуусу зарыл дешет. 

Ош шаарында делегаттардын жалпы саны 500 адам. Элдик Курултайга 30 делегат шайланышы керек. Белгилей кетүүчү жагдай, Президенттин «Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө» Жарлыгына ылайык, үстүбүздөгү жылдын 25-ноябрында Бишкек шаарына Биринчи Элдик Курултайды өткөрүү белгиленген.