Жаңылыктар
Үй-жайсыздарга баш калкалоочу жай уюштурулду
Кыргызстан жаңылыктары
Үй-жайсыздарга баш калкалоочу жай уюштурулду

Борбор калаада үй-жайы жок көчөдө калып, селсаяктык кылгандар үчүн баш калкалоочу жай уюштурулду. 

Мэриянын маалымат кызматынын билдирүүсүнө караганда Октябрь районунун аймагында, 12-кичи райондогу Токомбаев көчөсүндө 82 адамга ылайыкталган жай ачылды. Ал 330 чарчы метр аянтты ээлейт. Үч имараттын ичинде селсаяктык кылгандарды кабыл алуу үчүн даярдык көрүлүп, оңдоп-түздөө иштери жасалган. Имараттардын ичин жылуу кармаш үчүн "Бишкек жашыл чарба" ишканасы отун менен камсыздоодо. 

Андан сырткары, жашоо-турмушка керектүү оокаттар, чарбалык буюмдар, биринчи жардам көрсөтүү үчүн дары-дармектер жеткирилген. Мэриядан учурда ал жерде 52 киши жашап жатканын билдиришти. 

Аталган жердегилерге медициналык жардам көрсөтүү милдети №8 үй-бүлөлүк медициналык борбордун кызматкерлерине жүктөлгөн. 

Ал эми нөөмөтчүлүк кылып жана жарандардын ким экендигин аныктоо боюнча райондук милиция иш алып барат.