Жаңылыктар
Парламенттеги фракциялар келерки жылдын бюджетин карап жатат
Кыргызстан жаңылыктары
Парламенттеги фракциялар келерки жылдын бюджетин карап жатат

Эң оор реформа Социалдык фонддун пенсиялык фонд, социалдык төлөмдөр бөлүмү болуп бөлүнүшү. 

Мындай пикирин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров парламенттеги "Ата Журт Кыргызстан" фракциясы менен "Мекенчил" депутаттык тобунун биргелешкен жыйынында билдирди. 

Анын айтуусунда, бул жаатта реформа жүргүзүлбөсө, 2 жылдан кийин пенсиядагы аскер кызматкерлеринин саны учурдагы аскер кызматкерлерине теңелет. Ушундан улам, жакында реформалар боюнча мыйзам долбоорлору киргизилет. 

Акылбек Жапаровдун айтуусунда, 1-сентябрга карата өлкөдө 733 миң 380 адам пенсия алат. Пенсиялар 1780 сомдон 3170 сомго чейин көтөрүлдү. Бул жаатта иштер дагы улантылат. 

Депутаттар 2023-жылга республикалык бюджети жана 2024-2025-жылдарга пландаштыруу мезгили боюнча мыйзамдын долбоорун карап жатышат.