Кыргызстандын аймагында көмүрдүн баасына убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди.
Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Мындай чечим көмүрдүн баасынын өсүү темпин ооздуктоо, күз-кыш мезгилинде калкты көмүр менен өз убагында жана туруктуу камсыз кылуу максатында кабыл алынды.
Ага ылайык кара алтындын наркы 90 күндүк календардык мөөнөткө чектелет. Буга катар Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына Социалдык маанидеги товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуунун тартибине ылайык мамлекеттик жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чараларды көрүүсү тапшырылды.