Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норов, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу менен Кыргызстанга иш сапар менен келди. Тышкы саясий ведомстволорунун башчылары мазмундуу жана жемиштүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүп, эки өлкө аралык кызматташууну улантуу боюнча бир катар келишимдерге кол коюлду.