Жаңылыктар
Садыр Жапаров Риши Сунакты премьер-министр кызматына дайындалышы менен куттуктады
Кыргызстан жаңылыктары
Садыр Жапаров Риши Сунакты премьер-министр кызматына дайындалышы менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров Риши Сунакты Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугунун Премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктады. 

"Сиздин Улуу Британиянын Өкмөтүнүн башчысы кызматына киришүүңүз кыргыз-британ эки тараптуу кызматташтыгын жаңы сапаттуу деңгээлге чыгарууга түрткү берет деп терең ишенем", — деп айтылат мамлекет башчысынын куттуктоо телеграммасында.

Садыр Жапаров Риши Сунакка чың ден соолук жана бакубаттык, жогорку мамлекеттик ишине ийгиликтерди, ал эми Улуу Британия элине бейпилдик жана өнүгүү каалады.