Жапон өкмөтү Кыргызстанга 1 млн доллар гранттык жардам көрсөтөт. Жардам кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан улам Кыргызстандагы гуманитардык кырдаалдын курчушуна жооп катары көрсөтүлүүдө.
Маалым болгондой, Япония Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын жана Качкындар боюнча жогорку комиссарлыгы менен биргеликте тамак-аш, баш калкалоочу жай, азык-түлүк эмес товарлар, коргоо жана башка гуманитардык жардамдарды көрсөтөт.