Жаңылыктар
"Кумтөрдө" иш өз ыргагында жүрүп жатат
Кыргызстан жаңылыктары
"Кумтөрдө" иш өз ыргагында жүрүп жатат

«Кыргызалтын» ачык акционердик коомунун Башкармалыгынын төрагасы Элдияр Калдарбеков жумуш сапары менен «Кумтөр» кенине барды. Ал кенде компания жетекчилиги жана жалпы жамаат менен баарлашып, өндүрүштүк процесстин жүрүшү, алдыга коюлган пландардын аткарылышына көз салды. 

Өндүрүштү өз ыргагы менен улантуу менен экологиялык коопсуздук маселесине өзгөчө көңүл буруу керектигин белгилеген «Кыргыз алтындын» башчысы кенди өнүктүрүүнүн негизги артыкчылыктуу багыттарына токтолду.