Жаңылыктар
Нурлан Шакиев ЖК жыйынында депутаттарга кайрылып, айрым маселелер боюнча добуш берүүдөн качпоого чакырды
Кыргызстан жаңылыктары
Нурлан Шакиев ЖК жыйынында депутаттарга кайрылып, айрым маселелер боюнча добуш берүүдөн качпоого чакырды

Парламенттин бүгүнкү жыйынында Жогорку Кеңештин спикери депутаттарга кайрылды.

 «Акыркы убакта айрым депутаттар трибунадан же микрофондон ачык сүйлөп, кооз сөздөрдү айтып, добуш берүү убактысы келгенде жок болуп, өз оюн айтпай, добуш бербестен залдан чыгып кеткендер болду. Мен аларды мындай кылбоого чакырам, кандай маселе болсо да макул же каршы позициясын айтышы керек. Биз депутаттар жоопкерчиликти алышыбыз керек. Залдан чыгып кетсин деп шайлоочулар добушун берген жок", - деди спикер.