Жаңылыктар
Ысык-Көл облусунда 58,6 гектар суугат жер мамлекетке кайтарылды
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Көл облусунда 58,6 гектар суугат жер мамлекетке кайтарылды

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда 14,6 миллион сомдук 58,65 гектар сугат жер мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу КР УКМК маалымдайт. 

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын 1998-жылдагы токтому менен Отраднен айыл аймагынын өндүрүштүк-коммерциялык фирмаларынын бирине жер тилкеси бөлүнүп берилгени аныкталган. Анын негизинде ыйгарым укуктуу орган тарабынан мамлекеттик акт чыгарылган.

2014-жылы ишкананын 27 мүчөсүнүн жер тилкелерин жеке менчикке берүү зарылдыгы боюнча акт түзүлгөн, ал ушул убакка чейин жерлерди жеке максаттарына пайдаланып келгендиги анык болуп, жерлер мамлекеттин эсебине кайтарылды