2022-жылдын 1-июлунан тартып мамлекеттик салык кызматы алкоголсуз суусундуктарга акциз салыгын салуу чечими кабыл алынган. Аталган башкармалык бүгүнкү күнгө карата 78,4 млн сом чогултту.
Салык кызматынын басма сөз бөлүмүнүн маалыматына ылайык, чогултулган суммадан өндүрүлүүчү продукцияга – 37,1 млн сом акциз салыгын жана импорттолуучу продукцияга – 41,2 млн сомду түзөт.
Эске салсак, 2022-жылдын 1-июлунан тартып ТЭИ ТН 2202 товардык позициясында классификацияланган энергетикалык алкоголсуз суусундуктарды өндүрүү жана Кыргызстандын аймагына импорттоо акциздик салык салынууга жатат.
Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы №94 токтомуна ылайык, акциздин ставкасы 1 литр үчүн 1 сомду түзөт.