Борбор калаадагы бардык билим берүү мекемелерине коопсуздук үчүн видеокөзөмөл камералары орнотулду. Билдирмеде айтылгандай, учурда шаардагы мектептерде коопсуздук баскычтарын орнотуу иштери активдүү улантылууда.
2022-2023-окуу жылында Бишкектеги Ленин, Биринчи май жана Свердлов райондорундагы билим берүү мекемелеринде Ички иштер министрлигинин коопсуздук кызматынын борбордук мониторингине туташтырылган коопсуздук баскычтары орнотулду. Октябрь районунун мектепке чейинки билим берүү уюмдарында коопсуздук баскычын орнотуу 2023-жылга пландалууда.
Балдардын коопсуздугун, өмүрүн жана ден соолугун коргоо максатында билим берүү мекемелеринин босогосуна көзөмөл-өткөрүү режиминин жабдуулары да орнотулду.Келишимдин негизинде мектептерде жеке күзөт агенттиктери иштейт. 2022-2023-окуу жылында 62 мектепте күзөт агенттиктери, 35 мектепте күндүзгү жана түнкү күзөтчүлөр иштеп жатат.