Жаңылыктар
Күз-кыш мезгилине даярдык иштеринин планы толук аткарылды
Кыргызстан жаңылыктары
Күз-кыш мезгилине даярдык иштеринин планы толук аткарылды

Министрлер Кабинетинин токтому менен 2022/2023-жылдарынын күз-кыш мезгилин ийгиликтүү жана ишенимдүү өткөрүү максатында энергетикалык ишканалар үчүн жабдууларды оңдоонун 2022-жылга пландык көрсөткүчтөрү белгиленген.

Күз-кыш мезгилинин келишине байланыштуу  31-октябрда энергокомпаниянын пландык оңдоо иштери аягына чыкты.

Негизги жабдууларды оңдоо иштеринин графигине ылайык 9 айдын ичинде ГЭСтерде 5 гидроагрегаттын капиталдык ремонту өз убагында аткарылды.  Алар, Күрпсай  ГЭСинде  2 агрегат, бирден Таш-Көмүр ГЭСинде,  Шамалдысай  ГЭСинде жана Үчкоргон ГЭСинде.

Ошондой эле Бишкек шаарынын ЖЭБинде буу казан агрегаттарында жана турбо агрегаттарда оңдоо иштери жүргүзүлдү.

Электр тармактары боюнча 479,4 км электр берүү аба чубалгылары капиталдык оңдоодон өттү.

Мындан тышкары, республиканын региондорунда 128 кошумча КТП орнотулуп, 166 ашыкча жүктөлгөн трансформаторду чоң кубаттуулукка алмаштыруу жүргүзүлгөн. Мындай иш-чараларды өз убагында өткөрүү ашыкча жүктөөлөрдөн жана авариялардан сактануу үчүн күз-кыш мезгилине сапаттуу жана ишенимдүү даярдыкты камсыз кылууга өбөлгө түзөт.