Жаңылыктар
Кыргызстанда аба ырайынын бузулушуна байланыштуу ашуулар жабылды
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда аба ырайынын бузулушуна байланыштуу ашуулар жабылды

Кыргызстанда аба ырайынын бузулушуна байланыштуу бир катар ашуулар убактылуу жабылды. Бул тууралуу "Кыргыз автожол" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсыктардын алдын алуу, жарандардын коопсуздугу, материалдык чыгымдарды болтурбоо жана өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү даярдыгын күчөтүү максатында жергиликтүү райондук администрацияларынын макулдашуусу менен Казарман-Жалал-Абад унаа жолундагы “Сары-Кыр” ашуусу 18-октябрдан баштап, аба ырайы жакшырганга чейин каттам үчүн жабылды. 

Ошондой эле Сары-Булак-Соң-Көл унаа жолунун Калмак-Ашуу бели 14-октябрдан баштап, аба ырайы жакшырганга чейин каттам үчүн жабык. Ат-Башы-Кында-Торугарт унаа жолунун Кында ашуусу 1-ноябрдан баштап келерки жылдын 1-апрелине чейин жабылды.