Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Улуттук Кабар агенттигине маек берди. Маектин жүрүшүндө "Кемпир- Абад" жана "Кумтөр" боюнча өз пикирин билдирди.
“ Айрымдар шек санап, “Жапаровдор алтын уурдап жатат, 19 тонна алтын жоголуптур”,- деп жалаа жабууга аракеттерди кыла башташканда өзүм демилге көтөрүп, “депуттаттардан турган комиссия түзгүлө” деп эл өкүлдөрүнөн сурандым. “Комиссиянын курамына жарандык коомдун өкүлдөрүн да кошуп алгыла” дедим. “Комиссиянын төрагасы кылып Мадумаровду шайлап берсеңер” дедим эле, тилекке каршы, макул болбой койгонбу, айтор Исхак Масалиев комиссиянын төрагасы болуптур. Мейли кимиси болсо да, “Кумтөргө” барышсын, ийне-жибине чейин текшерип келишсин, анан элге жарыя кылышсын. Канча алтын казылыптыр, кайда сатылыптыр, канчасы Улуттук банкта сакталуу экен, уурдалыптырбы же уурдалбаптырбы – баарын айтып беришсин. Кыргызстандын тарыхында чогулбаган көлөмдөгү алтын бүгүнкү күндө чогулуп, Улуттук банкта сакталып турат. Өз көздөрү менен көрүп келишсин.