Жалал-Абад облусундагы "Кыргыз автожол" мамлекеттик ишканасынын аймактык башкармалыктарында мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилгени аныкталды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.
Мекеме ишкананын кызмат адамдарына "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.
Маалыматта айтылгандай, Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргыз автожол» мамлекеттик ишканасынын Жалал-Абад филиалынын аймактык органдарынын кызмат адамдары, көп убакыттан бери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, өздөрүнүн жүктөлгөн кызматтык милдеттерди адилетсиз аткарып, эл аралык, мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги жолдорго асфальт-бетон төшөлмөсүн монтаждоо боюнча негизсиз, ашыкча баалоо боюнча кылмыштуу схеманы уюштурушкан.
Бул иштин алкагында, тиешелүү текшерүүлөр дайындалып, жыйынтыгында 12 миллион сом өлчөмүндө алдын ала зыян аныкталган. Буга байланыштуу «Кыргыз автожол» мамлекеттик ишканасынын аймактык башкармалыктарынын жумуш орундарында тинтүү иштери жүргүзүлгөн. Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.