Жаңылыктар
Ош шаарында көмүрдүн тоннасы 6000-7500 сомдон сатылууда
Кыргызстан жаңылыктары
Ош шаарында көмүрдүн тоннасы 6000-7500 сомдон сатылууда

Ош шаарынын мэриясынын коллегиясынын 2022-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча жыйын өттү. 

Вице-мэри Сонунбек Жунусбаев калаанын экономика тармактарын жана калкын 2022-2023-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча иш-чараларды ишке ашыруу маселесинин алкагында жылуулук менен камсыздоочу ишканалардын баары жылытуу мезгилине толук даяр экенин, Ош шаарында калктын ыңгайлуулугу үчүн 15 көмүр сатуучу пункттар ачылганын билдирди. 

"Шаар калкына 22 миң 600 тонна көмүр даярдалыш керек болсо, бүгүнкү күндө 18 миң 750 тонна көмүр даярдалып, 82,9%ды түздү. Учурда көмүрдүн 1 тоннасынын баасы сапатына жараша 6000-7500 сом болууда”, - деди вице-мэр. Калаа башчысы

Алмаз Мамбетов монополияга каршы кызматка көмүрдүн баасын төмөндөтүү боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүүнү тапшырды.