Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин видеоконференция байланыш аркылуу өткөн жыйынына катышты.
Министрлер кабинетинин башчысы бүгүнкү күндө ШКУ динамикалуу өнүгүп келе жаткан трансрегионалдык уюм болуп калды, ал дүйнөнүн ички дүң продукциясынын дээрлик чейрек бөлүгүн бириктирет деди.
«Акыркы үч жыл ичинде дүйнөлүк коомчулук трансформация жана түп-тамырынан бери өзгөрүү мезгилин башынан кечирүүдө. Буга байланыштуу биздин өлкөлөр алдында ишкердик активдүүлүктү жана экономикалык байланыштарды тез арада калыбына келтирүү, соода тоскоолдуктарын жана чектөөлөрдү алып салуу, өлкөлөр ортосундагы өнөр жай кооперациясын кеңейтүү милдети турат», - деди Акылбек Жапаров жана Санариптик экономиканы өнүктүрүү программасынын өз учурунда бекитилиши ШКУга мүчө мамлекеттердин ортосунда санариптик экономика тармагында практикалык кызматташууну жана тажрыйба алмашууну активдештирүүгө, ошондой эле региондун экономикасынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет деп кошумчалады.