Жаңылыктар
Садыр Жапаров шейх Заеддин күмбөзүнө жана анын атындагы мечитке барды
Кыргызстан жаңылыктары
Садыр Жапаров шейх Заеддин күмбөзүнө жана анын атындагы мечитке барды

Президент Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) болгон иш сапарынын алкагында Абу-Даби шаарындагы шейх Заеддин күмбөзүнө жана анын атындагы мечитке барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Мамлекет башчысы БАЭнин негиздөөчүсү жана биринчи президенти шейх Заед бин Султан Аль-Нахаяндын элесине таазим кылып, күмбөздү көрүп чыкты.

Андан соң, Садыр Жапаров шейх Заед бин Султан Аль-Нахаяндын сөөгү коюлган жердин жанына салынган мечитке кирди.

Мечитти көрүп чыккан соң, мамлекет башчысы Ардактуу меймандар китепчесине каалоо-тилектерин жазып калтырды.