Жаңылыктар
Мамлекет демилгелерди колдоого даяр
Кыргызстан жаңылыктары
Мамлекет демилгелерди колдоого даяр

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусуна жумуш сапарынын алкагында жергиликтүү бийлик органдарынын жана жергиликтүү коомчулук өкүлдөрү менен жолугушууга катышты. Бир жыл мурда берилген тапшырмалар жакшы аткарылбай жатканын белгилеп, ишинен жыйынтык чыгарбаган жергиликтүү бийлик органдары жумушунан кетерин айтты. Ошол эле учурда айрым аймактардагы үлгү ала турган демилгелер тууралуу сөз болду.