Жаңылыктар
Садыр Жапаров Абу-Дабидеги БАЭ баатырларына арналган комплекске гүлчамбар койду
Кыргызстан жаңылыктары
Садыр Жапаров Абу-Дабидеги БАЭ баатырларына арналган комплекске гүлчамбар койду

Президент Садыр Жапаров, Абу-Даби шаарындагы Бириккен Араб Эмираттарынын баатырларына арналган “Wahat Al Karama” же "Ар намыс оазиси" комплексине барды. 

Анда Мамлекет башчысы каз катар тизилген Ардак кароол аркылуу өтүп, мемориалга гүлчамбар коюп, Бириккен Араб Эмираттарынын өз өлкөсү үчүн курман болгон жоокерлеринин, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин, дипломаттары менен жарандык кызматкерлеринин элестерине таазим кылды. 

Президент Садыр Жапаров комплексти көрүп чыгып, Ардактуу меймандар китепчесине каалоо-тилектерин жазып калтырды.