Араб өлкөлөрү кыргыз жарандарын жумушка чакырат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде “Жобс глобал” компаниясы менен мамлекеттик программага келишим түзүлдү.
Анда Сауд Арабия, Кувейт, Катар, Оман, Бахрейн, Бирикке Араб Эмирлиги Кыргызстандан жумушчуларды кабыл алары айтылат. Жарандардын жаш өзгөчөлүгү, кесиби чектелбейт, англис тилин билген бардык каалоочулар мигрант.кж сайты аркылуу толук маалымат алса болот. Араб мамлекеттери менен келишим эки жылдан ашык убакытка түзүлөт.
Мекендештер туризм, тейлөө, аэропорт, мейманканаларда, соода түйүндөрдө түрдүү багытта иштей алышат. Зарыл болгон учурда компания жумушчулардын юридикалык укуктарын коргоп, социалдык талаптарын аткарып берүү кепилдигин алды.
Жумушка тандалгандардын визасы менен авиа билеттери жумуш берүүчүлөр тарабынан төлөнөт. Азырынча 815 бош орун бар. Кийинки этаптарда дагы бир нече жумушчуларды тандоо уланат.