Жаңылыктар
"Саманчынын жолу" спектакли Астанада баш байгени алды
Кыргызстан жаңылыктары
"Саманчынын жолу" спектакли Астанада баш байгени алды

Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын "Саманчынын жолу" спектакли Астанада өткөн "ТеатрALL" эл аралык театр фестивалында баш байгени утуп алды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, спектакль үстүбүздөгү жылдын 26-29-октябрында Астанада шаарында өткөн Кыргызстандын Казакстандагы маданият күндөрүнүн алкагында коюлду. Спектаклди буга чейин режиссер, маркум Марат Козукеев сахналаштырган.