Жаңылыктар
Кышкы ЖРТга катышууга 978 адам билдирүү берди
Кыргызстан жаңылыктары
Кышкы ЖРТга катышууга 978 адам билдирүү берди

Кышкы жалпы республикалык тестирлөөгө катышуу үчүн 978 адамдан билдирүү түштү. Бул тууралуу Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун басма сөз кызматынан билдиришти. 

“Учурда райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнөн арыздар келүүдө. Бирок кээ бир документтердин жоктугунан же жетишсиздигинен айрым арыздар кабыл алынбай калышы мүмкүн”, - деп айтылат билдирүүдө. 

Эскерте кетсек, ЖРТга каттоо 17-октябрдан 28-октябрга чейин Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун электрондук платформасында райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрү аркылуу онлайн жүргүзүлдү. Ал эми кошумча каттоо 25-ноябрда жүргүзүлөт. Кышкы кабыл алуу боюнча ЖРТга катышуу орто билимге же кесиптик орто билимге ээ адамдарга уруксат берилет.

2023-жылдын бүтүрүүчүлөрүнө, мектептердин 11-класстарынын же техникумдардын, колледждердин бүтүрүүчү курстарынын окуучуларына, жогорку окуу жайлардын студенттерине уруксат берилбейт. Жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу окутуунун наркын төлөө келишими боюнча гана абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу үчүн жүргүзүлөт. Кышкы кабыл алуу үчүн жалпы республикалык тестирлөө 24-30-ноябрь аралыгында жүгүзүлөт.

Алдын ала маалыматка караганда, 49 жогорку окуу жай кышкы кабыл алууну өткөрөт. Алардын ичинен 17 мамлекеттик, 33 мамлекеттик эмес жогорку окуу жай.