Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Бириккен Араб Эмираттарына учуп кетти
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Бириккен Араб Эмираттарына учуп кетти

Сапардын алкагында Мамлекет башчысы Бириккен Араб Эмираттарынын жогорку жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу мерчемделген.Расмий делегациясынын курамында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев,Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев, Кыргызстандын Бириккен Араб Эмираттарындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Абдилатиф Жумабаев Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова, финансы министри Алмаз Бакетаев, экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев, энергетика министри Таалайбек Ибраев, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Тойгонбай Абдыкаров, Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров,Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын кеңешчиси Темирбек Эркинов бар.