Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусунун Раззаков шаарынын борбордук аянтында мамлекеттик жана саясий ишмер, Кыргыз Республикасынын Баатыры Исхак Раззаковдун эстелигин ачуу аземине катышты.
Жапаров Исхак Раззаковдун мамлекеттин түптөлүшүнө жана өнүгүшүнө кошкон зор салымын белгиледи. Айтымында, Саясий ишмер өлкөнүн экономика, билим берүү жана башка тармактарын чыңдоого жетекчи катары жан аябай кызмат кылган.
Раззаковдун учурунда өлкөдө олуттуу долбоорлорду ишке ашырылып, Чоң Чүй каналынын курулуш иштери аяктап, алгачкы гидроэлектростанция Үч-Коргон ГЭСи курулган.